Долбоорлор
Concrete Canvas® — бетонго альтернатива болгон алдыңкы инновациялык технология. Материалдын колдонуу чөйрөсү кеңири: эрозиядан коргойт, ар кандай багыттагы конструкцияларды жана курулмаларды бекемдейт, ошондой эле өсүмдүктөрдү басат.
Бетон кездемени колдонуу мүмкүндүк берет:
- ар кандай багыттагы курулмалардын пайдалануудагы ишенимдүүлүгүн жана кызмат мөөнөтүн жогорулатууга,
- курулуш технологиясын жөнөкөйлөтүүгө жана курулуш мөөнөтүн кыскартууга,
- жол-курулуш материалдарынын чыгымын, даярдоо иштеринин көлөмүн жана курулуштун материал сыйымдуулугун азайтууга.